www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин Газага карата кол салуулары

Израиль Газа тилкесинде кыргындарын улантууда. Израилдин аскердик учактары Газанын борборундагы Нусейрат качкындар лагеринде бир үйдү атыкылады.

Кол салууда  5 киши өлтүрүлүп көп сандаган киши жаракат алды. Израиль күчтөрү Газанын түштүгүндөгү Хан Юнусту да бутага алды. 

Эл - Амел районунда болгон кол салууларда 2 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Деввар Абу Мазин аймагында көптөгөн адамдардын кыргынга учурагандыгы билдирилди.

Израиль Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө да тоскоол болууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Стефан Дужаррик январдын алгачкы эки жумасында пландалган 29 жеткирүүнүн 7си гана толугу менен же жарым-жартылай ишке ашырылышы мүмкүн деп билдирди. Дужаррик Газадагы эпидемиялык оорулар коркунучуна да көңүлдөрдү буруп,  таза суунун жетишсиздигинен 152 миң ич өткөк учурунун катталганын, ооругандардын жарымынын 5 жаштан кичүү балдар экенин белгиледи.

Газада 8 күндөн бери үзгүлтүккө учураган байланыш кызматтары акырындык менен калыбына келтирилди.

Палестинанын телекоммуникация компаниясы техникалык топтордун Израилдин кол салуулары себеп болгон кыйроону оңдогондугун жарыялады.

Израилдин 7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында эң аз 10 миң 800ү бала, 7 миң 250ү аял болгон 24 миң 762 палестиналык каза болуп, 62 миң 108 киши жараланды. Урандылардын астында дагы миңдеген сөөктүн  бар экендиги кабарланды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости