www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кадамжай” коому Кадамжай районунун акиминин кызмат ордуна талапкер катары Канатбек Мурзахалиловду сунуштап, өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевге жана Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровго кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда талапкердин районго, элге кылган эмгектери зор экендиги белгиленген. Ошондой эле, көптөгөн жылдар бою коомдук уюмдарда кызмат кылып, сырткы мигранттар менен тыгыз байланышта иш алып барып жаткандыгына токтолушкан.

Мындан сырткары, инвестиция, райондун инфра түзүмүн, чек ара жана башка маселерди чечүүдө өзүнүн чечкиндүү, акыйкат кадамдарын коюшуп, элге кызмат кыларына ишенимин билдиришкен.

Аталган коомдун төрагасы кол коюп, мөөрү басылган кайрылууда К.Мурзахалиловдун адамкерчилик сапатынан, жаштыгы менен билимине, иштермандыгы жана мекенчилдиги сыяктуу сапаттары да белгиленген.

Биз да К.Мурзахалиловду окумуштуу-изилдөөчү, дин таануучу, көп тилдерди билген, бир нече кесиптин ээси катары жакшы билебиз. Учурунда КРнын президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда иштеген. Демек, дин менен светтик турмушту бирдей билет. Бирок, кыргыздын баардык тарабы төп келген уулунун учурда жумушсуз жүргөндүгү анын жеке өзүнүн эмес, коом менен мамлекеттин трагедиясы деп ойлойбуз. Ошондуктан премьер-министр 62 топтун башын бириктирген, Кыргызстан менен Россия, Казакстанда миңдеген мүчөлөрү бар жана көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасап келаткан коомдун кайрылуусун жерге таштабай, элдин тилегин орундатат деп үмүт кылабыз.

Булак: «Майдан.kg»

Последние новости