www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушундай. Кадр саясатына түшүнүксүз эксперименттерди жүргүзүп жатышып, жыйынтыгында ишеним акталбай же коррупцияга баткан көрүнүштөргө күбө болуп келебиз.

Буга чейин министрлик кызматтарга кимдер гана келип-кетишкен жок? “Кол ийрисине тартуу”, жердешчиликке ыктоо таризиндеги аракеттерден майнап чыкпады. Бирок дагы эле оңоло албай келебиз.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри катары Мирбек Мамбеталиев дайындалды.

Азырынча бул кадрды орой мааниде сындагыбыз келбейт. Арсарлык, шек жаратканы байкалды. Балким, ишин жөндөп, системага ийгилик жаратабы? Абай сала туралы. Аныгында, Мирбек Мамбеталиев ушуга дейре 28 ирет кызмат алмаштырып, “күлү бир жерге додо болбогону” кызык экен.

Маданият тармагында бир күн да иштебептир. Улуттук идеология, тарыхый мурастар боюнча кабарсыз экен. Эми андан башкасын айтканда не?

Натыйжада, резиденцияга жакын бала көрүнөт. “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дегендей, жогортон түшкөндөн кийин аргасыздан парламент жактырып отурат. А эң башкысы, оор тармактын жүгүн тартып кете алабы?

Ашып кетсе эки-үч айда дарамети калчанат. Ошондо оңдой берди болбой, кетип калабы? Бизде көпчүлүк чиновниктердин ташы өйдө кулабай, жаза басып жатышканы да ушундай ыраатсыздыктан уланып атса керек.

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Последние новости