www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Россия Федерациясында жашап жаткан мекендешибиз Кадырбек Эшмурзаев Баш мыйзам тууралуу пикирин NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

- "Жаңы келген бийлик шашылыш түрдө, чагылгандай тездик менен Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жаңы долбоорду элдин талкуусуна алып чыгып, 10-январда президенттик шайлоо менен бирге референдумга коюларын жарыялады. Эми бийликтин негизги бутагы болгон эл - Баш мыйзамдын жаңы долбоору менен таанышып, ой-пикирин билдирип, сунуштарын берип, талкуулаганга үлгүрөбү же формалдуу түрдө талкууга коюлуп, жазылган бойдон бир тамгасы өзгөртүлбөй, элдин үнүн укпай референдумга коюлабы? Ошондой болсо да, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча талкуу процесси башталгандыктан сунуш берүүнү туура таптым. Президенттин мөөнөтү боюнча ой-пикиримди билдирейин.

Эгемендүү өлкө болуп, президенттик кызмат орду киргенден бери тарыхыбызга көз жүгүртүп, беш президенттин баскан жолун, иш-аракетин ага карата элдин пикирин, көз карашын, реакциясын айкалыштырып, дүйнөлүк практиканы эске алып изилдеп көрүп, мындай чечимге келдим. Аскар Акаев он беш жыл президент болуп иштеп да өлкөнү өнүктүрүү үчүн иштерим бүтпөй калды деген арманы менен качып кетти. А.Акаев канчалык деңгеелде иштегенин эл беш колундай билет, ошондуктан бул маселеге токтолбоюн. Кийинки президенттер да аткарылбаган пландарым, максаттарым калды деген армандары менен кетишти. Башка өлкөлөрдө жыйырма беш жыл иштесе да, ишин аягына чыгаралбай жатат. "Менден башка адам менин ишимди уланта албайт"- деген мааниде иштеп жатышат. Илгери падышалар да абсолюттук бийликке ээ болушуп, өмүрүнүн аягына чейин хандыгын эч кимге берген эмес. Чындыгында, адамдын бийликке болгон табияты ушундай. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Дүйнө өнүккөн сайын абсолюттук бийлик чектелип, тең салмактуулук орун алып, эл бийликтин ээси боло баштады.

Кыргыз Республикасынын ички табиятында мындай коомдук-менталдык формация калыптанды: Президент эки-үч жыл иштегенден кийин эле нааразычылык курчуп, импичимент жарыялап, бийликти басып алууга аракеттер күч алат экен. Акаев качкандан кийин коомдо ушундай менталитет адат болуп калыптанды. Себеби, президенттер эки-үч жыл жакшы иштегенден кийин эле ишке салкын карап, иш-аракетинде эффективдүүлүк азайып, коррупцияга малынып, элден алыстап, көзүн май басып, өзүн хан сезип, ажыдаарга айлана баштайт. Бийликти башкара албай, эл бийликти каалабаган кырдаал жаралып жатат.

Роза Отунбаева бир жарым жыл, Сооронбай Жээнбеков үч жыл иштеди, ушул убакыт да иштерди, пландарды аткарганга жетишерлик убакыт экени далилденди. Жаңы келген президенттердин бардыгы "Бир жылда менин иштеримдин үзүрүн сезе баштайсыңар" - деп убада берип ишти башташат. Иштей турган адам бир жылда эле иштеринин натыйжасын көрсөтөт. Чайналган адам, он жылда да багытын таппай, элдин башына жүк болуп чайналып жүрө берет. Швецарияда президенттин мөөнөтү бир жыл эле. Төрт жыл убакыт өзүн толук көрсөткөнгө, элге кызмат кылганга, программасын ишке ашырганга жетишерлик убакыт. Ошондуктан президенттин мөөнөтү - төрт жыл бир мөөнөткө болсо, Кыргызстандын стабилдүүлүгүнө, бейпилдигине, элдин мүдөөсүнө бап келишкен мыйзам болот.

Президент ажыдаарга айлана баштаганда, көзүндө майы жок, элдин кулу боломун, эгемендүүлүктү бекемдейм, экономиканы өнүктүрөмүн деген азамат келип ордун алмаштырып турат. Президенттике талапкерлер конкреттүү программалары менен жарышка аттанышса, ар жерден көчүрүп алган программалары менен келбеши керек. Биздин өлкө, жакыр өлкөлөрдүн катарына кирип, азыркы кезде экономикалык-финансылык кризис курчуп турган кезде, эгер мамлекет башчысы төрт жыл мөөнөтүндө ички дүң продукцияны, мамлекеттик бюджетти эки эсе көтөргөнгө жетишсе, экинчи төрт жылдык мөөнөткө шайланганга укук берилет деген беренени киргизсе стимул болот эле.

Кыргызстандын президенттеринин арасынан Курманбек Бакиев төрт жылда ИДПны, республикалык бюджеттин кирешесин эки эсе көтөргөн. Постсоветтик республикалардан Грузиянын президенти М.Саакашвили беш жылда үч эсе көтөргөн. Жакыр чакан өлкөлөрдө мындай экономикалык процесстер көп эле кездешет. Ал эми бай өнүккөн өлкөлөрдө мындай темпте экономикалык өнүгүү процесстерин ишке ашыруу өтө сейрек кездешет, себеби потенциалдык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү"- деди Кадырбек Эшмурзаев. 

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости