www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Чимкент шаарында болгон атышуудан бир киши каза болуп, дагы бешөө жаракат алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, шаардагы кафелердин бирине белгисиз адамдар кирип, бир нече жолу ок чыгарышкан. Анын жыйынтыгында бир киши каза болуп, дагы бешөө жаракат алган. Окуя болгон жерден кылмышка пайдаланылган куралдар табылганы айтылган менен, эмне куралдар экени айтылган жок. Бул боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүүлөрдүн ким экендиги аныкталып, аларды кармоо аракеттери жүрүп жаткандыгы айтылат. Бирок, кылмышка шектүүлөр менен жабырлануучулардын аты-жөндөрү, кылмыш эмнеден улам чыкканы, мүмкүн “каралардын” тиреши экендиги тууралуу маалыматтар азырынча айтылбай жатат.

Ал эми жабырлануучулардын баарына операция жасалган, алардын экөөсү өтө оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости