www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кылым шамы" коомдук фондунун негиздөөчүсү төмөнкү билдирүүну коомчулук менен бөлүштү "кайрадан Армия, күндө бирден жаңылык...."
"Үстүбүздөгү жылдын август айында Ала-Тоо полигонунда иштеген фельдшер -медиктин үстүнөн кылмыш иши козголгон эле. Жактоочусу тергөөчүгө күндө чалып, "иш эмне болуп жатат, сурак, беттешүүлөр качан болот, качан барайын?" деп сураса, Бишкек аскер гарнизонунун тергөөчүсү "өзүм айтам, тергөө азырынча токтоп турат" деп маалкатып отуруп, ишти жактоочуга билгизбей сотко өткөрүп жибериптир.
Иш боюнча жабырлануучу болуп арыз жазган жоокерлер эмнегедир күбө болуп калышыптыр.
Ал аз келгенсип Аламедин райондук соту бүгүнкүгө, 2018 жылдын 31 ноябрына сот процессин дайындап соттолуучуну чакырыптыр, жактоочу менен жоокерлер сот отурумунан кабарсыз.
Бишкек Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү эмнеге мындай мыйзам бузууга барганын түшүндүрбөй, телефонду алгандан качып жүрөт,"- дейт укук коргоочу Азиза Абдурасулова.
Булак: NazarNews.kg