www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайрат Осмоналиев акчага азгырылабы?

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиевге дипломатиялык наам мыйзамсыз берилгендигин Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, ТИМдин Дипломатиялык академиясынын мурунку проректору Кайрат Осмоналиевден «экинчи класстагы кеңешчи» дипломатиялык наамын алып салуу тууралуу буйрук чыкты. Аталган наам ТИМде жана чет өлкелүк мекемелерде дипломатиялык кызматтарда бир канча жыл иштеген эмгеги, квалификациясы үчүн берилиши керек. Мамлекеттик кызматтар реестринде проректор кызматы көрсөтүлгөн эмес.

Эске салсак, Кайрат Осмоналиев буга чейин министрликке караштуу Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академияда проректор болуп иштеген. Ошондой эле Кайрат Осмоналиев "жалданма адвокат" деген жаман атка конгону да коомчулукта айтылып жүрөт. Ал өзүнө мындай "жаман атты" ыйгарып алган себеби, саясий айдында кимдир бирөө бирөөнү каралай турган болсо Кайрат Осмоналиевге байланышаарын, анткени К.Осмоналиев "акча төлөсө", кимдин-ким экенине карабай туруп аны жакшылап "шыбап", каралап берээри эл арасында кеп болууда. Ушинтип акчага азгырылып авторитетин кетирбей тынч эле оокатын кылса дейсиң, кайран юридика илиминин доктору Кайрат Осмоналиев.

Булак: “Фабула”

 

Последние новости