www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөндөн кийин башталган башаламандык Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин бираз токтогон эле. Учурдагы президенттин милдетин аткаруучу кызматка келгенден бери бир топ адамды кызматтан алып, бир топ адамды кызматка коюп келет. Садыр Жапаровдун мындай чечимдери макул болуп да, каршы чыгып да келген адамдар аз эмес. Ошолордун арасында Талас облусунун тургундары да бар.

Редакциябызга келип түшкөн кат менен сиздерди эч өзгөртүүсүз тааныштырабыз:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин төрагасы Т. Мамытовго, Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри жана Президенттин м.а. С.Жапаровго Талас элинин кайрылуусу:

14-октябрь 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевди башка адам менен алмаштыруу жөнүндө Өкмөттүн массалык маалымат каражаттарына чыккан токтомун окудук эле. Ага байланыштуу Талас облусунда жашаган эл көчөгө чыгып, М.Мураталиевди өзү иштеп жаткан ордуна кайтарышкан. Анткени Губернаторду азыркы күндө которууга эч кандай негиз болгон эмес. Анын үстүнө, калк арасында “кара тумоо” кайрадан каптап келишине ыкчам басым жасоодо М.Мураталиевдин эмгеги зор болгон. Облуста калктын тынчтыгы сакталуу. Ушундай кырдаалда алмаштыруунун кереги барбы? Иштеп жаткан, көзгө көрүнөрлүк иштери бар. Калк  колдогон адамды тынч койгонунар туура болот. Элди уксанар тынч койгула, сабыр кылгыла! Турмуш көчү көрсөтөт да! Азырынча токтомуңарды токтотуп тургула! Биринчи элдин ынтымагы абадай  керек болуп турат!-деп кайрылган элек.

Ушундай таризде кайрылууну экинчи ирээт Президенттин милдетин аткаруучуга, убактылуу Жогорку кенештин төрагасына жана Өкмөттүн милдетин аткаруучуга кайрылабыз. “Бийлик элдин колуна өттү” –деп айтты го С. Жапаров. Туура! Биз ошол убакытта М. Мураталиевдин арызын алып коюп, аны кайра ордуна олтургузган элек!!! Бирок эки күндөн кийин башка адамды олтургузуп койдунар. Биздин элдик үн, бийлигибиз кайда калды? Же “башынар баш, келечегинерге кара таш” дегениңерби! Талас эли акыркы 2-3 жылда өз калыбына келип, иш оң жолго түшкөн. Туруктуулук сакталып, “бир женден кол” чыгарып күжүлдөп калганда бул эмне кылганынар төбөлдөр, депутаттар...

Эгерде М.Мураталиев эл менен бирдикте болбосо, ийгилик болбойт эле. Эгер ал алдамчы-жексурун, жегич-ичкич, шылуун болгондо аны өзүбүз эле “талкалап” салмакпыз. Ал чапкылап жүрүп ийгиликтерди жасады. Алдамчыларды, жемкорлорду тыйды. Биз, эл күн сайын көрүп турдук. Калктын көзү көрөгөч. Биз эл журт М. Мураталиевдин арызын канааттандырбай, кайра да иштеп бер деп аны ордуна олтургузган аракетибиз эмне чиркейдей “дын”- деп желге кеттиби? Ойлонгула! Биз дагы намыска бекем турган элбиз. Кайтаргыла иштеп жаткан адамыбызды! Болбосо, боз үйлөрүбүздү тигип, Силердин жаныңарга көчүп барып, коңшу болобуз. Бул коркутуу эмес. Талап! Адамдын күнөөсү болсо, биз да жооп беребиз дегендик. Алдыдагы зор саясий компанияларды бирге ынтымакта өткөрөлү. Ынтымак, ишеним, биримдик баарынан жогору! Баа бергиле! Туура түшүнгүлө! 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости