www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссиянын жетекчилигине башка бир таза адам калбай калгансып, калкка жек көрүнгөн, каны таза эмес Каныбек Иманалиевди тандап алышыптыр. Эми мунун кандай адам экенин эл жакшы билет. Акаевдин өкүл баласы. Жеткен шылуундардын бири. Жеке кызыкчылык дегенде эт–бетинен кеткен, сөзүнөн башка берекеси жок, жеңден-кончко куюлган саясатчы – чалыш экенин эл жакшы билет.
Бул адам ушундай шүдүңгүт жүрүштөрү менен айтылуу “Эркин-Тоо” басмаканасын өзүнүн өкүл баласы делген, Кара-Балта шаарынын мэри болуп жүргөн Данияр Шабданов экөөлөп, эбин таап менчиктеп алышкан. Ал боюнча кылмыш иши да козголуп, тергөө жүрүп жатып, аягына чыкпай токтоп калды. Кыязы, тилинде мөөрү бар Иманалиев Жээнбековдорго аюу кызматын көрсөтүп жатып, ал кылмыш ишин кыскартууга жетиштиби? Айтор, бул суроого Башкы прокуратура жооп бериши зарыл.
Булак: "Багыт.kg"