www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калиев үй камагына чыкпайт

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария жана ишкананы модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишин кароо уланды.

Айыпталуучулардын бири Айбек Калиевдин жактоочусу Калиевди үй камагына чыгарып берүүнү суранган. Сот Калиевдин өтүнүчүн четке какты. 

Жактоочунун айтымында Калиевдин жубайы кош бойлуу. Мындан сырткары ал чоң бүлөөнү жалгыз багып келген.

Бул нерсеге айыптоочулар каршы болуп Калиевдин качып кетиши мүмкүн экенин айтып чыкты.  

Биринчи май райондук соту бул кылмыш иштерининин бирин 12-октябрдан тартып териштире баштаган. Бүгүн, 26-октябрда үчүнчү жараян болду. Кийинки сот 2-ноябрга белгиленди.

Эске сала кетсек, 35 жаштагы Калиев кыргыз өкмөтүндөгү жаш министирлердин катарын толуктаган. Ал ЖЭБ чырына байланыштуу тергөө абагына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости