www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүп камалды. Ага дейре 120 миң долларды жакын туугандары аркылуу алган. Ал чет элдик компанияга тендерди алып берүү үчүн жалпы 520 миң АКШ долларын ала турган болгон. Мына бул иш боюнча министр Жамшитбек Калилов да жооп бериши керек болчу. Эң кур дегенде моралдык жоопкерчиликти сезип, кызматтан өз каалоосу менен баш тартышы милдет эле. Бирок Калиловдо кетейин деген түрү жок. Болгону орун басарынын кылыгына таң калганын айтып тим болду. Эл болсо орун басары мындай ири суммадагы параны өзү билип ала албай турганын, демек, укук коргоо органдары жакшылап териштирсе бул иште министр Калиловдун дагы кулагы чыгаарын айтышууда. Айрымдар, мындай жат керүнүш орун алган соң, мыйзамды сыйлаган өлкөдө истр түгүл премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев баш болуп отставкага кетиш керек эле дешип баш чайкашууда. Ырасында, мыйзам иштесе Калилов дагы орун басары менен «абакта да табакташ» болуп отурууга тийиш...
Булак: "Ачык саясат"