www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов туурасында коомдун бүйүрүн кызыткан кепти айтты. Ал өз сөзүндө президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши токтотулушу керектигин билдирди. Ошондой эле, кылмыш иши саясий өңүттө козголгонун кыйытты. Бабановдун өлкөдөн чыгып кетүүсү президет Жээнбеков менен макулдашылып ишке ашканын айтты. Саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташы Руслан Казакбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары чын экенин билдирип: «Эмне үчүн сыртка чыгып кеткени айтылды. Ал жерде саясий сүйлөшүүлөр болгон. Ошол кезде мамлекеттин коопсуздугун, элдин биримдигин сактоо жана жаңы бийликтин ишине жолтоо болбош үчүн сыртка чыгып кеткенин экс-президент ачык айтыптыр. Жаңы президент менен да бул маселе сүйлөшүлгөн. Бабанов келишимди так аткарганы, бирок Бишкек тараптан маселе чечилбей калганы ачык айтылды», - деген пикирин айтты.

Булак: "Ачык саясат"

< Предыдущий

Последние новости