www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин 6-декабрда жыйынында «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы линиясын куруудагы акча каражаттарын колдонууну текшерүүчү депутаттык комиссиянын курамы аныкталды. Бул топ аталган долбоордогу акча каражатын колдонуунун ачык-айкын жүрүп жатканына мониторинг жүргүзөт. Топтун курамына КСДП фракциясынан Абдувахап Нурбаев, Аида Касымалиева, Мухтарбек Айнакулов, Максат Эгембердиев, «Республика-Ата Журт» фракциясынан Умбеталы Кыдыралиев, Закир Шарапов, Курманкул Зулушев, «Кыргызстандан» Азизбек Турсунбаев, Данияр Төлөнов, «Бир болдон» Бактыбек Турусбеков, «Өнүгүү-Прогресстен» Исхак Масалиев, «Ата Мекен» фракциясынан Каныбек Иманалиевдер киришти. Эми аталган долбоорго эл өкүлдөрү калыс баасын берип, коррупциялык схемалардын бетин ачышабы, же соодалашып чөнтөктөрүн кампайтышабы убакыт көргөзөт.
Булак: "Ачык саясат"