www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каныбек Исаковдун мойнуна өкмөттүн “серый кардиналы” Эмил Бузурманкулов минип алып, Оштон сүйрөп министрге алып келген экен. Айласыздан айтылган сөз. Анткени, Билим жана илим министри 23-жаштагы жакынына “кол ийрисине тартып кетип” студенттик скамейкадан турар менен “Жыл мугалимин” алып берип, ага шылтоолоп “Эл агартуу отличнигин” алып бергени анын уятсыздыгы. Эгер калыс, адилет болсо: “Биздин мамлекетте жүз миңдеген мугалимдер армиясы бар. Алардын ичинде канча жылдап окуучуларды тарбиялап, эмгегин сиңирип, өз иш тажырыйбасын керек болсо министрге үйрөтө тургандар бар. Биз ошолордон үлгү алып, ошондой татыктуу адамдарды көтөрүшүбүз керек” –дебей, өз жакынына “Билим берүү отличнигин” алып бергенин көпчүлүк жакшы көргөн жок.

Эми Билим жана илим министрликтен келген жоопко жооп берели. Бул жообунда отличникти алган кечээки “студент кыз” “Министр Каныбек Исаковдун жакын тууганы эмес” –деп жазылган:

  1. Бул макалада министр Каныбек Исаковдун жакын тууганы деп жазылган эмес, “жакыны” деп жазылган. Жакындарынын катарына жердештери да кошулуп кетет. Каныбек Исаков сентябрда эле Ош мамлекеттик университетинин ректорлугунан Билим жана илим министри болуп келген. Ал келер менен Ош шаарындагы Нышанов атындагы № 50 орто мектептин география мугалими 23 жаштагы Бактыгүл Жапар кызы “Билим берүү отличнигин” берип жатат. Жердешчилиги канында ойноп кетсе керек.
  2. Мамлекеттик “Жыл мугалими” конкурсуна мектептин, райондун, облустун кароо-сынактарында жеңип келген мугалимдер гана катыша алат. Бул кароо-сынакка эң такшалган адамдар катышарын Орусиянын, Казакстандын быйыл “Жыл мугалимин” алган мугалимдер далилдешти. Бизде райондо да, облуста да татыктууларды тандабай өң тааныш же жердеш болсо эле, мамлекеттик ароого жибере береби? Бул кыз эки жыл иштесе канча райондук. Облустук, республикалык,эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетишти экен? Жаңы министр студенттик скамейкадан жаңы тургандарга “Жыл мугалимин” берип койобу? Андай кыйын болсо Каныбек Исаков эми жакындарына адилеттүүлүктөн тайган соң “Кыргыз Эл Баатырын” бере берсин.
  3. “Билим берүү отличнигин” алыш үчүн мектептин, РайОНОнун, облОНОнун, Билим жана илим министрлигинин грамоталарын алыш керек. Бул грамоталар жөн эле кишиге бериле бербейт, көп жыл иштеп дасыккан,мыктыларга гана берилет. Эки жыл мектепте иштеген министр Каныбек Исаковдун жердеши бул грамоталардын барын алганбы? Андан тышкары кеминде 20 жыл иш тажырыйбасы болуш керек.

Каныбек Исаковдон жакшы демилгелерди күтөбүз, балким жаңы министрликке келип көп нерсени түшүнө бербегендир.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости