www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаров Өзбекстанга 49 жылга пайдаланууга берилген Ысык-Көлдөгү 4 пансионат боюнча пикирин билдирди.
"Урматтуу мекендештер! Урматтуу Президент!
Өзбекстанга берилген 4 пансионат боюнча президентибиз коомчулукка берген “түшүндүрүүсүн” угуп, адатымча унчукпай кое албадым.
Анткени, эл аралык келишими статусу бар (Өкмөттөр аралык) келишим, эч бир төлөмсүз (жер, суу салыгын кошпогондо, эгерде алар төлөнсө) келишимдер менен берилген пансионаттар Казакстандын, Өзбекстандын юрисдикциясында болот.
Бийликтин “инвестиция келет” – дегени суу кечпеген актануу. Инвестиция келсе төрт пансионатты 49 жылга ээлик кылып, пайдаланып жаткан Өзбекстанга гана келет.
Убагында Казакстанга берилген 5 (беш) пансионат боюнча “актанганда” да “3 жана 5 жылдыздуу мейманканалар курулат, инвестиция келет” – деп айтышкан. Ошондон бери 15 жыл өттү. Казактар ээлик кылган пансионаттарга эмнелер курулду? Кыргызстан ошол пансионаттар үчүн Казакстандан эмне алды, эмне пайда тапты? Ошол пансионаттарга кире аласыңарбы, эй “Бекназаров камалсын” – деген көлдүк туугандар? Эми Өзбекстан ээлик кылган 4 пансионатка да “өзбекче сүйлөбөсөңөр” кире албайсыңар!
Биздин бийлик өзүбүздүн пансионат иштетип оокат кылып жатышкан жарандарга чет элдик конкуренттерди алып келди, башка пайда жок.
Садыр иним, “... 2016-жылы 4 пансионатты Сариев популисттик кылып алып койгон” дедиңиз.
Сариев 2016-жылга чейин Өзбекстан тарап Кыргызстандын бийлигин тоготпой, биздин бир нече объектилерди, анын ичинде 4 пансионат, Орто-Токой суу сактагычын ж.б. мыйзамсыз пайдаланып жүргөнү үчүн Өзбекстандын макулдугу менен кеч болсо да кайтарып алган. Ал үчүн Сариевге ырахмат айтышыбыз керек. Өзбекстандын бийлиги Кыргызстандын бийлиги эмес, Сариев алам десе эле объектилерин берип калчудай!
Популисттикти сиздер Ташиев экөөңөр Кумтөр алтын кенин алууда көрсөттүңөр. Мыйзамдуу денонсация жолу менен албай, мыйзамсыз “захват” жолу менен алып. Ал жоругуңардын да кесепети Кыргызстанга тийип жатат.
Орто-Токой, Кемпир-Абад суу сактагычтары, Өзбекстанга кайра жакында берген 4 пансионат ж.б. Өзбекстан 2016-жылга чейин пайдаланып жүргөн объектилер 1992-жылы СССРдин мүлктөрүн бөлүштүрүү, ээлик кылуу боюнча СССРдин түзгөн 15 республика макулдашкан келишим боюнча Кыргызстандын менчиги болуп таанылган.
Ал келишимдер бардык республикалар тарабынан ратификация болгон. Кыргызстан ал келишимди 1994-жылы Жогорку Кеңеш аркылуу ратификациялап, Ысык-Көл жээгиндеги бардык пансионаттарды Кыргызстандын менчиги деген кошумча “оговорка” менен ратификацияланган жана 15 республикага ноталары жиберилген. Муну ошол документтерге кол коюшкан ошол кездеги Кыргызстандын Өкмөт башчысы Т.Чынгышев, спикер М.Шерумкуловдор танып кетишпес. Экөөсү тең тирүү.
Сиз “... Өзбекстан эл аралык сотко берип 4 (төрт) пансионат үчүн 40млн доллар утту ...” – дегендей айттыңыз. Бул айтканыңыз 2021-2022-жж. Кумтөр алтын кени, Ширшовдун, Акаевдин кылмыш иштери, Кемпир-Абад ж.б. курч маселелер боюнча учурган “өрдөктөрүңүзгө” окшоп калды.
Болбосо эмне үчүн:
- Өзбекстан тарап кайсыл келишимдин негизинде, кайсы эл аралык сотко качан кайрылганын;
- Кыргызстандан ага ким катышканын айткан жоксуз?
Экинчиден. Сиздин айтканыңыз чын болсун дейли. Анда эмне үчүн Кыргызстан:
- 1992-1994-жж. СССРдин мүлктөрүн бөлүштүрүү боюнча эл аралык келишимди Өзбекстан тарап аткарбай, 2016-жылга чейин Кыргызстанга таандык Кемпир-Абад, Орто-Токой суу сактагычтарын, 4 пансионатты ж.б. объектилерди мыйзамсыз пайдаланып жүргөнү үчүн тосмо доо келтирген жок?
- Эмне үчүн Өзбекстан тарап Кемпир-Абад суу сактагычын куруу, пайдалануу боюнча Кыргызстан менен 1965-1975-жж. түзгөн келишимдердеги милдеттерин (Кыргызстан үчүн канал куруу, жер берүү ж.б.) аткарбаганы үчүн эл аралык сотко атайын доо менен чыккан жок?
- Эгерде Кыргызстан жогорку эл аралык келишимдердин негизинде, Өзбекстанды эл аралык сотко берсе 4 млн эмес, 40 млрд долларга утмакпыз!
Эң кызыгы, президенттин сөзүнө ишенсек, анда Өзбекстан 2016-жылы Кыыргызстанга кайтарган объектилерди, анын ичинде Орто-Токой суу сактагычын ж.б. 4 пансионаттай кылып кайра алса болот экен да?!
Президенттин бул сөзү Кыргызстандын президентинин сөзү болбой калды. Түпкүлүгүндө Өзбекстандын “арыгын” чапкан сөз болду.
Урматтуу Садыр иним, бүгүн сиз бензин сатып оокат кылган Садыр эмессиз, мамлекет бышчысы, башкы кол башчы, Конституциянын кепилисиз. Сиздин ар-бир айткан сөзүңүз мыйзамга тете. Жалпы эл, башка мамлекеттер карап, байкап турат. Ойноп, алдап сүйлөсөңүз да, ойлонуп сүйлөөгө аксакал катары чакырам.
“... Кемпир-Абаддын ж.б. тарыхын билбей туруп жаза бересиңер, айта бересиңер” – дегендей кылып журналисттерди “Кумтөрдөн, Мегакомдон акча алып жүрүшкөн ..” – деп жөөлөп кеттиңиз. Эгерде чындап ошондой болсо Ташиев экөөңөр андай журналисттерди алда качан камап, “кустуруп” акчасын алмаксыңар! Элдин баарын өзүңөрдүн “доканцачылардай” көрбөсөңөр!
Акчадан, кошоматчылыктан башка да атуулдук милдетти, намысты, чындыкты туу тутунушкан мекендештерибиз, журналисттерибиз көп. Ошолор бар үчүн Кыргызстан толук сатылып кетпей сакталып келет.
“... Кемпир-Абад кеткен жок... кетти дегендер сабатсыз, тарыхты билбейт, акылсыз, ичи каралар ..” – дегениңиз, кечээки билдирүүңүздүн туу чокусу болду. Деги биз кайсыл Садырга ишенебиз?!
Кемпир-Абад боюнча досуң Ташиев экөөңөр эки жылдын ичинде нечендеген жыйын өткөрүп, “түшүндүрүү” иштеринде Өзбекстан даярдап берген картаны илип алып жүргүзбөдүңөр беле? Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагасы болгон депутаттар кызматтарынан кетирилип, каяша айткан депутаттардын “тили жулунуп”, “колу сындырылбады” беле?! Кемпир-Абадчылар 10 айдан бери эмнеге мыйзамсыз түрмөдө жатышат?
Бул сөздү уккан Өзбекстан тарап, төшүн каккан Ташиев, добуш беришкен “пахтакорчу” депутаттар эми эмне дешет? Ойлодуңузбу?
Кыргыз эли ЮНЕСКОдо расмий түрдө билимдүү делинген алдыңкы элдин тизмесинде турат.
Кыргыздан акчага, байлыкка жулунбаган, билимге умтулган, жер, суусу үчүн өлүмдөн кайра кайтпаган намыстуу эл. Кыргыз билимдүү болгону үчүн “Калпычынын казаны кайнабайт” – деп калп айткандарды кылмышкер катары баалашкан. Ташиев экөөңөрдүн сабатсыздыгыңардын, калпыңардын, айланаңардагы кошоматчылардын, мурдуңардын учунан башканы көрбөгөнүңөрдүн айынан Кыргызстандын казаны кайнабай, эл кыйналып, чайналып турат.
Сиздердин калпыңардын зыяны Кыргызстандын четинде тышта жүргөн мекендештерибизге да тийип жатат. Жок дегенде жалпы элдин менчиги болгон жер, суу, кен-байлыктарды “сатууда” жалган айтканыңыздарды токтотпойсуздарбы?!
Садыр иним, 2002-жылдын май айында, Жогорку Кеңеште Үзөнгү-Кууш маселелери каралып жатканда Ысык-Көлдүк депутат Бейшенбек Акунов президент Акаевге тике карап: “Аскар Акаевич, Үзөнгү-Куушту Кытайга берип коюп, Кыргызстанда кантип басып жүрөсүз? Балдарыңыз, тукумуңуз “жер саткычтын” тукуму аталгандан коркпойсузбу?” – деп суроо бергенде, Акаев кызаңдап, чычалап: “Бейшенбек Акунович, сиз менин балдарымдын тагдырынан кам санабай эле коюңуз” – деди эле.
Мына бүгүн Кыргыз элинин жер, сууларын, кен-байлыктарын жалган айтышып “сатышкан” Акаев, Бакиевдер, балдары үй-бүлөсү менен кайда жүрүшөт?!
Жер, суунун, элдин кусуру урган жокпу аларды?! Сиздер Ташиев экөөңөр Акаев, Бакиевден ашып кеттиңер. Эми бүгүнкү күндүн эмес, эртеңки кызматтан кеткенден кийинки тагдыр эмне болоорун ойлонгула.
Мен сиздерге Акаев, Бакиев тагдырын каалабайм. Бирок сиздердин алдамчылык, күнүмдүк, өзүм билемдик, зөөкүрлүк саясатыңар Кыргызстандын ичинде эле эмес, тышында да ачык билинип калды.
Кыргызстандын элин 3 (үч) жылга чукул алдап келе жатасыздар.
Бир, эки, үч алдаса, алданса болот, бирок түбөлүк алдоо, алдануу мүмкүн эмес!
Эл ойлонуп жатат, ойгонуп жатат. 4 пансионат талкууланып жатканда 5 көмүр шахтысын, Сары-Жазды Кытайлыктарга “сатканыңар” да ачыкка чыгып жатат.
“Сат, саттын” артынан “кет, кет” келерин эсиңерге салам!
Урматым менен,
Азимбек Кыргыз", - деп жазган Бекназаров.
Булак: NazarNews.kg