www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев “Нур+” реабилитациялык борборуна барды

Кечээ, 29-декабрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жаңы жылдын алдында Бишкек шаарындагы угуусу начар жана кеч уккан балдар окуган №21 адистештирилген мектеп-интернатына, ошондой эле “Нур+” реабилитациялык борборуна барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет. 

Салтанаттуу маанайда №21 мектеп-интернатында УКМКнын башчысы аталган мекеменин жалпы жамаатын жана окуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, бардыгына чың ден-соолук каалады. Андан соң УКМКнын жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан жаңы жылдык белектер тапшырылды. Мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жакшы каалоо-тилектерин айтышып, жаңы жылдык программаны көрсөтүштү.

Жолугушуунун аягында аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды. Андан кийин КР УКМК төрагасы “Нур+” реабилитациялык борборуна барып, жалпы жамаатты жана балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, жаңы жылдык белектерди тапшырды.

№21 мектеп-интернатынын жана “Нур+” реабилитациялык борбордун жетекчилиги колдоо көрсөткөндү жана белектери үчүн Камчыбек Ташиевдин жеке өзүнө жана УКМКнын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости