www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун тууралуу пикирин өзүнүн социалдык тармагы аркылуу билдирди. 

--Турсунбек Акун деген шылуун оңолбос болду го, "Бабанов менен Ташиев бийликти басып алабыз" деп жатыптыр деген таризде интервью бериптир. Тынчтык болсун деп чуркап жүргөн менен иши жок, ушул "дежурлардын" бийликке жагалданмайы эч токтобос болду го же курсагы тоюп тынбады. Пайдасынан зыяны көп адам экен го же Батукаевди эстетип койсокпу...деген пикирин ачыкка чыгарды. 

Эске сала кетсек Турсунбек Акун бир нече саат мурун NazarNews.kg маалымат агенттигине 

-Сиз Бабановду кылмышкер, Кыргызстанга келтирбеш керек дегениңиз менен анын тарапташтары соттон күнөөсүз экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк бериш керек деп жатышат. Анын Кыргызстанга келээрин Ташиев да бышыктады го?..деген суроого

 -Камчыбек Ташиев  акылына кирбеген жигит экен. Бабанов менен бириге койду эле   аны пайдаланып туруп, кереги жок маалда ыргытып кетип калды эле го. Эми айласын таппай турган Бабановго барып,  экөө биригип, азыркы бийликке чара көрүү  аракетин баштаптыр деген  маалыматтар айтыла баштады... Сыягы, ошол аракеттерине ишенип, шартыма көнбөсөңөр буларга, тигилерге кошулуп кетем деп намёк берип жаткан сыяктуу, деп жооп берген эле. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости