www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бу дүйнөдө эч ким таналбаган, түгөнбөгөн тирүүлүк менен эриш-аркак жашай берчү, бир чындык бар. Ал - Улуу Жеңиш!

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери,

ороктогу улуу иштердин жаратмандары!

Миллиондогон адамдын өмүрүн алган Улуу Ата Мекендик согушка боордош элдердин катарында кыргызстандыктар да катышып, согуш талаасында канчалаган эрдиктерди жаратышты. Башкасын айтпаганда да, легендарлуу Панфилов дивизиясын, төшүн дзотко тоскон Чолпонбек Түлөбердиевдин, же Дүйшөнкул Шопоковдун эрдигин кайра-кайра уга бергиң келет. Согуш талаасындагы эрдиги үчүн 73 кыргызстандык Советтер союзунун баатыры наамына татыган. Тилекке каршы, жыл өткөн сайын өлкөбүздө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ардагерлери азайып баратат. Бул адамдарга өзгөчө көңүл бөлүшүбүз керек. Ошондуктан да, биз Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы аталарыбыздын, апаларыбыздын эрдигин даңазалап, жаңы муунга өткөзүп берүүгө милдеттүүбүз! Бүгүнкү тынчтыкты аталар кандай баа менен бизге алып келгенин жаштар биле жүрүүсү кажет. Бир гана ушул Улуу Жеңиш күнүндө эмес, күн сайын баатырлардын эрдиги жөнүндө сүйлөсөк да аздык кылат!

Ал кездеги СССР деп аталган өлкөбүзгө жырткычтык менен кол салып, тынч жаткан күнүбүздү ыйга айлантып, күнөөсүз адамдардын жанын кыйып, апаны жесир, баланы жетим кылып, уябызды өрттөп кирген фашизмди жер үстүнөн жексендеп, жалпы адамзат тукумун жер бетинен жок болуп кетүүдөн сактап калган Силердин эрдигиңер эч качан унутулбайт!

Кадырман Улуу Атамекендик согуштун катышуучулары, кандай болгон күндө да биз силер менен сыймыктанабыз! Тагдырыңарга туш келген кыйын-кезең сыноолорду Силер гана татыктуу көтөрө алдыңар. Бүгүнкү күндүн ар бир жакшылыгында да үлкөн үлүшүңөр бар. Силер - тили, дили бөлөк фашист баскынчылардан элди-жерди сактап калдыңар. Тарыхта атыңар таза. Тирүүңөрдүн алдыңарда, тирүү эмесиңердин арбагыңарга баш ийип, таазим этебиз! 9-май - жеңишти эскерүү күнүңөр менен, ардагер ата-апалар!

Дагы бир ирет Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына башыбызды ийип таазим этебиз! Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Терең урматым менен, Камчыбек Ташиев

 

Последние новости