www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев:

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун экөөнүн достугу боюнча айтканына комментарий жазып, социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ал үч күндөн бери катуу ооруп, эми гана баш көтөргөнүн билдирди.

"Биринчиден, президентибиз туура айтты, эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз. Экинчиден, биз үчүн кыргыз элибиздин тынч, бакубат, келечектүү жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыз бакыт! Үчүнчүдөн, президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган, ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы бир жолу 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу, ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп, кубаттап элибизге чогуу кызмат кылабыз деп үмүт артамын", — деген Ташиев.

Ал 8 жылдан кийин да Садыр Жапаровдой элге күйгөн кыргыздын инсаны чыгат деп ишеним арткан.

Эске салсак, президент II Элдик курултайда Камчыбек Ташиев менен мамилеси тууралуу айткан.

Ал мамлекеттин башына тургандан тарта досу экөөнүн мамилесин бузууну көздөгөн аракеттер болуп келе жаткандыгын, бирок андай нерселер ишке ашпастыгын айткан эле. Ал эми Ташиевдин кол тийбестиги боюнча суроого ага муктаждык жоктугун, комитет жетекчисинин коопсуздугу көзөмөлдө экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости