www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 6-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндөгү жаңы төрөт үйүнүн курулушунун башталышына катышты. Анын жүрүшүндө ал өлкөдө тартип кантип орнотулуп жатканын айтты.

«Буга чейин ар ким каалаганын кылып жүрдү. Талаганын талады, тоногонун тоноду, алганын алды. Мындан ары мындай болбойт. Мамлекеттен бир нерсе сурап жатабызбы, демек ага да ошондой мамиле кылышыбыз керек. Мамлекеттик кызматта иштеген кимдир бирөө казынага кол салган болсо, мыйзам чегинде колду чагабыз. Коррупция кыла турган болсо, түрмөгө тыгабыз. Бандиттердин жанын сууруп, мыйзам чегинде экинчи андай кылбай турган кылабыз. Мамлекет өзүнүн жарандарына мээримдүүлүк менен карайт», — деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости