www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Бул тууралуу күч структураларындагы маалымат булак кабарлады.
Ага ылайык, жолугушууда "Жалданмачылык" беренеси боюнча шектелип кармалгандар, анын ичинде "Русский дом" уюмунун Оштогу кызматкери боюнча кеп болгон.
Ишенимдүү булактар билдиргендей, тергөө камалгандардын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү мүмкүн деп тапкан.
Эске салсак, буга чейин Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Наталья Секерина жана дагы үч адам "Жалданмачылык" беренеси боюнча айыпталып кармалганы кабарланган.