www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Канаданын Онтарио провинциясында 11 жаштагы бала кутурма оорусунан каза болду.
Бул тууралуу Canadian Medical Association Journal басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, түн ичинде жарганат баланын бетине конгон. Бала аны кубалап жиберген, ал эми атасы жарганатты сыртка чыгарып жиберген.
Денесинде тиштеген же тырмаган издер байкалбагандыктан, үй-бүлө медициналык жардамга кайрылган эмес.
Бир нече жумадан кийин балада неврологиялык белгилер пайда болуп, алгач дарыгерлер анын абалын Белл шал оорусу деп болжошкон.
Кийинчерээк жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында кутурма диагнозу тастыкталган.
Бала жандандыруу бөлүмүндө дарыланганы менен, оору тездик менен күчөп, ооруканага жаткырылгандан 17 күн өткөн соң көз жумган.