www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Америка-Иран тирешүүсүнүн Кыргызстанга терс таасири тийбейби? Бул тирештин аягын кандай божомолдоп жатасыз?

- Кыргызстанга тикелей болбосо дагы кыйыр түрдө таасири тийиши мүмкүн. Эгер чыңалуу мындан ары эскалация болсо, анда дүйнөдөгү негизги оюнчу катары эсептелген мамлекеттер бул чыр-чатакка катышып калышат. Айрыкча Жакынкы Чыгышта согуш оту басылбай жаткан Сирия, Ирак, АКШнын таасиринде болгон Сауд Арабия, Катар сымал өлкөлөрдүн ичинде дагы түшүнбөстүктөр башталышы мүмкүн. Бирок президент Трампка күч колдонууга мүмкүнчүлүк бербей, чатакты токтотууга Америка сенатынын дагы күчү жетет. Алар кандай кадамга баруусу азырынча ачык бойдон турат. Иран тарап өзөктүк куралды кайсы бир деңгээлде колдонсо, анда абал биротоло көзөмөлдөн чыгып кетүү коркунучу дагы бар. Азыр БУУ баш болгон таасирдүү мамлекет лидерлери ортомчулук иштерди баштап, абалды жөнгө салууга бүткүл мүмкүнчүлүктөрүн жумшоосу зарыл.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: “АЗИЯnews”

Последние новости