www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боючан түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы “атамекенчи” депутат Каныбек Иманалиевдин дарегине болбогон сындарды айткан каралоо компаниясы башталды. Муну ким уюштуруп жатканы айтпаса деле белгилүү.

Атамбаевдин командасы Каныбек Иманалиевге каршы эч кандай компромат таппай, акыры суу кечпеген ушакты ойлоп табышыптыр. “Атамбаевдин өзүн айыптап жаткан ТЭЦтеги коррупцияга Иманалиевдин да катыштыгы бар” деп, ошол убактагы ЖКдагы тармактык комитет төрагасы катары ал кол койгон документтин алып чыгышты.

Каныбек Иманалиев Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комиетитининтөрагасы катары өзү жетектеген тармакка байланыштуу маселелерде кайдыгер карабоого тийиш болгон. Практикада Өкмөт долбоорлору парламенттин тиешелүү комитеттеринен же, жалпы Жогорку Кеңештин элегинен өтүп, кабыл алынып, бюджети бекитилет.

Ал эмиТЭЦтин эскилиги жетип, аны модернизациялоо зарылдыгы болгону, аны оңдоого комитет төрагасы катары Иманалиев макулдук берип, кол койгонунун эмнеси айып? Бул нерсе жанагы ууруларга табакташ болгондукка жатабы? Акыл-эси ордунда, аңдап-билген адам Иманалиевдин миллиондорду уурдоого эмес, жакшы ой менен, “шаардыктар кышында жылуу-жумшак үйдө отурушсун” дегенин билет эле.

Албетте, Каныбек Иманалиевдин экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы болушун, "жумурткадан кыр издеп", чындыкка коошпогон ар түркүн маалыматтарды таратууга башкы себеп катары билсек болот. Каныбек Иманалиев комиссиянын төрагасы катары баары ачык-айкын болушуна шарт түзүп, комиссиянын ишине Атамбаевдин өзүн да чакырды.

Эгер, өзүнүн тазалыгына ишенсе, Атамбаев ал жыйынга келип, өз чындыгын айтпайт беле? Эң курдегендеюристтеринжиберипкойбойт беле? "Өзбашындагытөөнүкөрбөй, өңгөнүнбашындагычөптүкөргөн" АШАнын жетим жүгүрүктөрүнүн чымын-куюн түшкөн аракеттерине жол болсун!

Депутаттык комиссия алып чыккан документтерге үңүлсөк, чындап эле АШАнын кашасы көп экенин байкоого болот. Кыргызстанда өндүрүш менен байыган биснесмендер көп экен. Бирок, Атамбаев бир байпак сатпай эле, кантип "мультимиллионер" болуп кеткен? Угушума караганда, жакында экс-хан айым тууралуу да көп маалыматтар чыгат.

Ушуларды көтөрүп чыккан Каныбек Иманалиевдин өтмүшүнө асылышып, “Акаевдин катчысы болгон” деп сындап жатасыңар? Баары Акаев, Бакиевдин убагында иштегендер. Башкалар космостон учуп келишкен эмес да...

Каныбек Иманалиев Кыргызстанга гана эмес, КМШда прецедент жарата турган тарыхый депутаттык комиссияны жетектөөдө. Атамбаевге импичмент жарыялоо Кыргызстандын гана эмес, КМШнын саясат таануу китептерине кирет. Демек, бул депутаттык комиссиянын иши учурдагы же, болчоктогу иштеп жаткан президенттерге импичмент жарыялоого окуу куралы, үлгүсү болот.

Комиссиянын курамындагы депутаттар бир тең, Каныбек Иманалиев бир тең болуп, тарыхый ишти өз мойнуна алып жиреп баратат.

Иманалиев кыргыз тарыхына журналист, жазуучу, акын, тарыхчы, адабиятчы, саясатчы болуп кирери талашсыз. Бирок, дал ушул депутаттык комиссиянын төрагасы катары, дагы бир жолу кирет.

Зарылбек Шермаматов 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости