www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз мамлекетинде 4 президент алмашты, кимир бирөөлөр 3 эле болгон деп азайтат. Үчпү,  төртпү сумма өзгөрбөйт. Кыргызстан Борбор Азияда бийлик алмаштыруу боюнча чемпион. Бир убакта кыргыздын башында Кудаян деген хан болгон. Кыргызга калмактар басып киргенде ал гареминдеги кыздар менен көңүл ачып, кыргыздын жигиттерин калмакка каршы көтөрбөй койот. Кыргыздар кырылат, биринин атасы, биринин баласы өлөт. Дайнын таппай тирүүлөрү Анжианга тентийт. Жок дегенде калмакка каршы чыккан жигиттерди калмакка каршы коюп койсо, кыргыздар кырылмак эмес. Ошондо Анжианга тентип кеткен кыргыздар Кудаянга каргышын айтат: ”Тукумуң жүзгө жетпесин, жети тукумуңа чейин биздин каргышыбыз тийсин” –дейт арып ачкан эл. Кудаян хандан калган “Тоголок” деген эл бар, чачыранды. Бир гана элдин каргышы тийгенби, ушул кезге чейин “Тоголоктун” тукуму жүзгө жетпей келет. Биз бала кезде ушундай сөздү сакалдуулардан укканбыз. Эми ойлонуп чынбы десек булар деле балалуу болушат. Лекин, кудай мунун артын ары кылсын, тукум бары бир жок, “Тоголок” эмес тоодо жаткан бокмурундар эбакта жүздөн ашты, балким Кудаян хандын каргышка калганы чынбы? Бирок жети тукумуна чейин каргаптыр, буюрса сегизинчи тукуму келатат. Булар кыргыз болсун. Урматтуу президенттер элдин каргышы жаман!  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости