www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Мен илимий да, турмуштук тажрыйбам да бар кишимин. Көп тармакта иштеп психолог деле болуп калдык. Мындан улам ачык эле айтайын, Атамбаев терең ойлонгон, өзү тыянак чыгарган категориядагы адамдан эмес. Өзү акыл жүгүртүп жашаган киши болсо президент кезинде эле билинмек. Аралашып эле жүрдүк, көрдүк да. Бул кишинин өзүнүн натурасы кыйраткыч экен. Ал жаман сапатка жеке амбициясы кошулганда жаш балдардын гана эмес, Кыргызстандагы эң акылдуу кадрлардын көбүнүн тамыры кыркылып калды. Буга азыр Кудай жапа чеккен кадрлардын убалын көрсөтүп жатат. Кыскасы, мен бул кишини ойлоно турган, акылына келе турган адамдардын категориясына кошпойм. Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй алаамат-апаатты алып келген заманды куруп таштады. Эми кеткенден кийин да жөн калгандын ордуна элди кайраштырып, өзүнүн кыйраткыч ишин улантып жатат. Буга расмий бийлик катуу чара көрүп, тез арада тыйыш керек. Жөн койсо мындан ары терс жагын көздөй өрчүп, күчөй берет. Жанына авантюристтер, чагымчылар, эптеп бийликке жетсем болду деген топтор чогулат да, аягы кагылышка чейин жетиши мүмкүн.

Булак: “Де-Факто”

Последние новости