www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Батыштын псевдосалттарынын бизге кереги жок. Азыр цивилизациялардын кагылышуусу болуп жатат. Биз кыргыздар ошол согуштун жеми боло баштадык!», - деди бүгүн, 11-мартта NazarNews маалымат агенттигине Премьер-министрдин кеңешчиси Каныбек Осмоналиев

- Жыл сайын 8-мартта митингге чыгып, кыргызга жат ураандарды алып чыкканды адатка айланта башташты. Булар былтыркыдан быйыл көп чыктык деп жатышат. Буларды тыйсак укугу тепселеби же тыйбасак мамлекетибизге доо кетеби?

Булардын түпкү максаты кыргыздардын улут катары биригип кетишине жолтоолук кылуу. Аял менен эркектин үй-бүлөлүк мамилесин кыргыздын салты тээ илгертеден бери эле так, адилет жана айкын чаралар менен оң жолго салып келишкен. Батыштын псевдосалттарынын бизге кереги жок. Азыр цивилизациялардын кагылышуусу болуп жатат. Биз кыргыздар ошол согуштун жеми боло баштадык! Эсибиз барда этегибизди жыйып, ата-салтына кайрылбасак келечегибиз аянычтуу болгону турат! Эй кыргыз, башыңды көтөрүп, өз жолуңа тез түш деп айтаар элем!

- Мамлекет мындай учурда эмне кылышы керек? Кандай чара колдонушу керек?

- Мамлекетибиз Эгемендүүлүктүн биринчи кадамын таштаганда эле тескери жолго кеткен экен. Байлык менен бийликтин кулу болуп алган мурдагы президенттер улуттук каада-салтыбызды унутуп коюшуп, жалаң гана уурулукка шыгы бар адамдарды айлана-чекесине топтоп алышып, өз элин тоноп, өндүрүштү талкалап, кең-байлыктарды, энергетиканы, бажы жана салык кирешелерин менчик кылып чардап келишти. Анан кайдагы өнүгүү? Үлүш тийбей калган уул-кыздарыбыз талаалап тентип кетишти го? Ал турсун элдин башын бириктирип, ыймандуулукка тарбиялай турган дин аалымдарыбыз дагы сүткорлуктун сазына батып келишкен турбайбы? Аттиң гана дейсиң!

Эми кеч боло электе, тезинен улуттук идея, улуттук идеологияны калыптандыруубуз абзел! Бүгүнкү бийликтин эң башкы аракети дал ушул түшүнүктөр болуусу зарыл. Азыркы кырдаал ушуну талап кылууда. Президент Садыр Жапаровдун эң биринчи Жарлыгы ушул баалуулуктарга арналганы мени үмүттөндүрүп турат. Бул демилгени колдоп, тезинен мамлекеттик жана улуттук идеологияга жооп бере турган атайын институтту ачпасак болбойт.

Азыркы жаңы Конститутцияда андай норма бар. 11-апрелде эл жаңы Баш мыйзамды колдоп берсе, улуттук каада-салт менен ширетилген Улуттук идеолгиябызды жаратууга (кайра калыбына келтирүүгө) кеңири жол ачылаар деп ишенип турам. Антпесек дүйнөлүк ааламдаштыруу аракетинин саркынды жана бечара жеми болуп кете беребиз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости