www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каныбек Осмоналиев,коомдук ишмер, "Бизнес кумарына кирген макулуктар билим берүү системасын кыйратканын токтотпойт" деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган.

Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев 28-августта өкмөттүн жыйынында окуу китептериндеги жана аттестатрындагы каталарга байланыштуу маселени көтөрдү. Өкмөт башчы билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиевага кайрылып, маселени чечүүнү тапшырып, катуу сынга алды.

«Улуттпук банк акча чыгарса, анда банктын. төрагасынын колу коюлат. Башында Нанаев деген аксакалдын колу турчу. Азыр Толкунбек Сагынбековичттин колу турат. Ал эми ар бир китепте билим берүү жана илим министринин колу турушу зарыл. Министрдин колу болмоюнча китеп басып чыгарыш үчүн басмаканага жөнөтүлбөш керек. Сиз ошол системаны ишке киргизиңиз. Бул системаны быйыл кылбасак, билим берүү академиясын жоюп, министрликтин ишин караш керек. Мен интернет аркылуу кечээтен бери эмне деген гана сөздөрдү угуп атам! Гулмира Каримовна, муну тартипке салыш керек. Бул мурунтан келаткан катачылыктар. Бир китеп ката болду, эки китеп ката болду, аттестат ката болду… Жетишет да, туурабы?!» деди.

--Каныбек агай, өкмөт башчысы Абылгазиевдин билим берүү министри Гулмира Кудайбердиевага карата айткан сынына кандай көз карштасыз?

--Өкмөт башчыга окуу китеп көйгөйү эми жеткен экен. Жакшы айтыптыр. Акылы бар болсо, министрлик тыянак чыгарар. Биз сын-пикир айтсак эле чычалап, кайра беттен алып жатып калышчу. Билим берүү академиясынын «ишмердиги» боюнча кийинчерээк өзүнчө сөз кылалы. Анткени, ал жерде шайтандын өзүнүн дагы мойну үзүлуп кете турган чатыш-балакеттер бар. Аны тазалаш керек! Ал эми окуу китептерин чыгаруу жана анын сапаты бизде «бизнес кылуу жолуна» түшүп калган.Жыл сайын гарантиялуу түрдө бюджеттен 100-120 млн. сом кызылдай акча бөлүнүп турат. Кредит менен гранттардан канча келет? Жыйынтыгы болсо сапатсыз жана каталарга толгон окуу китептери1 Кээ бир предметтер боюнча жетишерлик нускада китеп жок, ал эми кээ бирлери боюнча өтө эле көп нускада басылып калган. «Жатка жаттай, өзгө өздөй» деген принцип!

Авторлордун тандап алынуусунда дагы көп дооматтар айтылып жүрөт. Насыяга келген акчаларга окуу китептерин Вьетнам, Индия ж.б. өлкөлөрдөн бастырып жүрүшөт. Тапкан шылтоолоруна жаш бала да ишенбейт. Жабыр тарткан эле мугалим менен окуучу! Эмне үчүн жакынкы эле убакыттарда министрликтин алдында китеп чыгаруу фондун түзүп, өздүк «Мектеп» басмаканасын кайра калыбына келтирүүгө болбосун?

Ансыз көзөмөл болбой, министрлик менен басмаканалар айыпты бири-бирине оодарып коюп жүрө беришет. Министр окуу китебине болгон жоопкерчиликтен качпай, ал милдетти өз мойнуна алуусу зарыл. Бүгүн премьер- министр Абылгазиев ошол ойду айтыптыр. Бул туура!

Ал эми 2010-жылдан берки бөлүнгөн акчаларга чыккан китептердин саны боюнча катуу текшерүүлөр болуусу керек. Убагында Жогорку Кеңештин токтомдору менен көзгө сайып көрсөтүп айтканбыз, оңдоо боюнча пикирлерди бер-генбиз. Бул ишти башкы прокуратура катуу изилдемейин, бизнес кумарына кирип алган кээ бир макулуктар билим беруүү системасын кыйратканын токтотпойт. Өкмөт башчысы дагы ушул багытта айтканы көрүнүп турат!, деген Каныбек Осмоналиев "АЗИЯnews" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости