www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Тоңдун топ жарган таланттары

Тоң жергеси орусту кыргыз кылган аймак. Бир эле мисал, атактуу айыл чарба министри болуп иштеген Александр Костюк кыргыздын түшүн жоруйт. Залкар манасчы Саякбай Каралаев, кыргыздын улуу акындарынын бири Жусуп Турусбеков, Кыргызстанда гана эмес мурунку СССРде мыктынын бири катары эсептелген белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев да ушул аймактан чыккан. Климаты катаал болгондугуна карабай мыктылар көп чыгат дешет. Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Таштанбек Акматов ушул Тоңдун кулуну. А биз ырчы, куудул алып баруучу катары кыргызга таанымал айрым инсандар тууралуу баяндап бермекчибиз. 

Баарын суктандырган Бобков 

Юрий мырза легендарлуу “Досум Үсөн” тобунун мүчөлөрү музыкалык аспаптарды ойногон учурда күтүүсүздөн таякты ыргытып, ошол замат кайра тосуп алып барабанды ырахаттанып ургулаганда талантына абдан суктанчу элек. Анда азыркыдан жашыраак кези болчу. Убакыт өтүп улгайып баратса да чыгармачылыктан эч алыстабай “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу долбоор менен алектенип жаткандыгы кубандырбай койбойт экен. Анткени сөөгү орустуку болгону менен эти кыргыздыкы болуп калгандыктан мекенчил инсан катары көзгө көрүнүктүү ишти жасап атканын кантип баалабай коё алабыз... Кыргыздын каада-салтын да жакшы билет. Кең пейил, адамгерчилик сапаты жогору, жан дүйнөсү таза инсандардын катарына кирээрин баса белгилеп кетпесек болбос. Андыктан маданият тармагына чоң салым кошуп жаткан маңдайы жарык Юра агабыздын эл үчүн кылган эмгеги эч качан  унутулбайт демекчимин. 

Ал-жайы белгисиз Асанакунов 

Анвар мырза аткаруучулук чеберчилиги күчтүү болгондуктан интермедиянын акесин таанытчу эле. Дегеним, кийинчерээк эмнегедир сахнадан алыстап кетти. Укканыбызга караганда жеке турмушунда жагымсыз окуялар болуп тагдырдын оор соккусуна кабылган экен. Кайран талант... Кайрадан сахнага качан кайтып келээри азырынча белгисиз. Куудул катары элге белгилүү болгондуктан көптөгөн концерттерге катышып элди көзүнөн жаш чыккыча күлдүргөн өзгөчө таланттын ээси болчу. Бир концертте: “Аялым кайсы жерде жүрсөм да артымдан издеп келип таап алат. Ошон үчүн ага “Комиссар Рекс” деп ат койдум”,-дегенде залдагы көрүүчүлөр аябай күлдү эле. Ушундай куйкум сөздөрдү айтып элге күлкү тартуулаган бул куудулдун бүгүнкү күндө ал-жайы кандай экендиги таптакыр белгисиз... Акыры чыгармачылыктагы жаңылыктарынан бөлүшүп концерттерден көрүнүп калгысы бардыр. Күтө туралычы... 

Бакытты ырдан тапкан Байзакова 

Атына заты жарашкан Гүлзат айымдын үнү башкалардан бир топ эле өзгөчөлөнүп турат. Кулакка жагымдуу тунук добушка ээ болгондуктан сүйлөсө да ырдап жаткандай туюларын айрымдар айтып калышат. Кайсы ырды аткарса да күйөрмандарына укмуш ырахат тартуулайт. Булбулдай үнүнүн тембри кооз, диапазону күчтүү болгондуктан эстрада болобу, же оркестр болобу эч айырмасы жок эркин ырдайт. Чыгармачылыктагы бактысын ырдан тапкан бул айым үй-бүлөдө мээримдүү эне, сүйүктүү жар экендиги эч талашсыз... Жолдошу да чыгармачыл адам болгондуктан кээ бир тойлордо чогуу ырдагандарына күбө болуп жүрөбүз. Дегеле бүгүнкүдөй деңгээлге жеткенде да айрымдарга окшоп бой көтөрүп текеберленбестен мурдагыдай эле жөнөкөй бойдон калды. Көз тийбесин... 

Нурлан  ИСАМАТОВ  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости