www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Эркин Европа/Азаттык Радиосунун Президенти Джейми Флайды кабыл алды.

Мамлекет башчысы Джейми Флайды жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады жана анын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Президент белгилегендей, Кыргызстан демократиянын принциптерин жана ачыктыкты жогору баалайт, өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын эркин жана толук кандуу иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар бар.

Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндигин бекемдөө күчтүү жана ачык жарандык коомду куруунун, өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы негиздеринин бири экендигин баса белгиледи.

Президент ошондой эле медиа өкүлдөрү да өз ишине, сөзгө, адам тагдырына жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик менен мамиле кылыш керектигин кошумчалады.

Эркин Европа/Азаттык Радиосунун президенти Джейми Флай Кыргызстандагы оң маанайдагы демократиялык процесстерди, ачыктыктын деңгээлин жана сөз эркиндигин канааттануу менен белгиледи.

Ал Азаттык Радиосунун өлкөдөгү ийгиликтүү ишмердиги ачыктык жана ММКлар үчүн түзүлгөн шарттар менен шартталганын кошумчалады.

Жолугушууда сөз эркиндигин бекемдөө чаралары, демократиялык коомду курууда ММКнын ролу тууралуу пикир алмашуу болду.

Последние новости