www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт мүчөлөрү өкмөттүк жыйындан соң эс алганы чыгышып, убакытты көңүлүн ачып өткөрүш үчүн анекдот айтышалы деп чечишет.

Анекдотту  премьер-министр Абылгазиев баштайт:

-Жыйырма биринчи!- дейт, бардыгы эле кыраан-каткы күлүп калган экен.

Аңгыча вице-премьер Замирбек Аскаров чыгып:

- Сегизинчи! - деп коёт, кайрадан министрлер жапырт каткырып калышат.

-Мына мен бир анекдот айтайын –дейт Ички Иштер министри Кашкар Жунушалиев: “Он төрт” дейт министрлер ыкшып күлүп атышат имиш.

Жаздын аягында жаңы айыл чарба министри болуп, министрлер каникулга тарап кетип көп нерсени билбей калган Эркинбек Чодуев сурайт:

-Бул кандай анекдот? Мен эч нерсеге түшүнгөн жокмун.-деп.

-Сизге түшүндүрүп коёюн. Биз жолугушкан сайын анекдот айта берип, кайсы анекдот экендиги өзүбүзгө жат болуп калган. Убакытты экономдойлу деп ар бир анекдотко номер коюп койгонбуз.Ошол номерин айтса эле эмне анекдот айтканын барыбыз түшүнөбүз.-дейт.

-Мен дагы бир анекдот айтайынбы? - дейт Эркинбек Чодуев.

Башкалар баш ийкешип аны карап калышат.

-Жүз сегизинчи! - дейт матыраңдап Эркинбек Чодуев.

Эркектин бары баштарын жерге салышып, Билим министри Кудайбердиева: «Уятсыз!»-деп биздин Эркинбек Чодуевди  жаактан ары бир чаап чыгып кетет.

-Ай, Эркинбек Чодуев биз аялзаты турганда ыплас анекдотторду айтпайбыз.- дешиптир жанында турган министрлер.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

 

Последние новости