www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бир жума саламаттагына көңүл буруп алууга жана сот отурумуна түштөн кийин келүүгө уруксат сурады. Мындай өтүнүчтү ал 29-августтагы сот жараянында айтты.

Анын адвокаты Нурбек Токтакунов өтүнүч толук канааттандырылбай, кийинки отурум 2-сентябрь саат 14:00гө белгиленгенин билдирди. Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, 16-августтан 28-августка чейин Улуттук госпиталда жатып чыкты. Учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында. 2018-жылы кыш чилдеде Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариядан соң Бишкек бир апта бою жылуулуксуз калган. Териштирүүлөрдөн кийин оңдоп-түзөөдө коррупция аныкталып, мамлекет 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян тартканы айтылган. Иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат.

Кийинки отурум 2-сентябрда болот. Кармалгандардын арасында Сапар Исаковдон тышкары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жоон топ аткаминерлер бар. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган. Исаковдун жактоочусу жана тарапкерлери муну саясий куугунтук катары баалап келатышат, - дейт "Багыт.kg".

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости