www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Орусия менен Украина эртеби-кечпи баары бир өз ара тил табышып алышат», - деди бүгүн, 1-апрелде NazarNews маалымата агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, Орусия менен Украинага Түркия ортомчу болуп, сүйлөшүү айлампасын түзүп берди. Оң жыйынтык чыктыбы?

- Түркиянын президенти Тайип Эрдогандын демилеси менен Орусиянын жана Украинанын расмий делегацияларынын Стамбул шаарында сүйлөшүүлөрдү улантуусу жакшы жышаан. Буга чейин ушундай форматтагы жолугушуулар Беларустун аймагында башталган болчу. Азырынча оң жыйынтыгы деле жок, тилекке каршы.

Бирок, бул жолугушуунун улантылышы деле жакшы үмүт деп туралы. Анткени, түз сүйлөшүүлөр гана эки элдин бактысына жол ачат. Мындай ишке арачы болгондун деле кереги жоктур. Тескерисинче аларды өз ара кайраштырып жатышпайбы!

Орустар Донбасстын элдеринин азабын токтотолу деп сунуш кылса, Украина тарап болсо, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн сактоонун аракетинде көшөрүп отурат. Демек, маселе оор.

Менимче бул жолугушуудагы эң чоң маселе Украинанын милитаризация жолуна түшүп алгандагы аракеттери болчудай. Мындай коркунучтуу суроолор өз нугу менен бир өңчөй чечилбесе болбойт го?

Биз кыргызстандыктар, конфликттин тынчтык жолу менен гана чечилишин каалап туралы. Эки боордош эл эртеби-кечпи баары бир өз ара тил табышып алышат. Анан биз өтө ашкере эмоцияга берилип алып, бири-бирибизди кодулообуз бир топ убакыттан кийин осол ишке айланып калбасын!

Андан кийинки маселе улутчулдук проблемалары дагы бар. Аны бүткүл прогрессивдик маанайдагы адамзат катуу сынга алуусу абзел.

Бул коркунучтуу илдет карапайым элге кандай азапты салганын экинчи Дүйнөлүк согуштан эле билдик го? Мунун дагы бир жолу кайталанышы - бүткүл планеталык трагедияга алып келээри бышык! XXI кылымда баскынчылык деген ой дагы болбошу керек. Муну дагы унутпасак!

- Орусия-Украинанын ортосундагы согушта НАТОнун позициясы боюнча кандай пикирдесиз?

- Өзү аталган эки өлкөнүн ортосундагы конфликт бүгүн эле чыга калган жок, да? 30-жылдан бери эле чыңалуу күчөп отурду. Тилекке каршы, НАТО мындай кырдаалга өзүнүн кызыкчылыгы менен катышып турду десек туура болот.

Мындайда империялык формула катуу иштеп кетет турбайбы? Анын «Эки жакты бөлүп араздаштырып коюп, бийлей бер!» - деген тактикасы иштей баштады. Украина болбогон эле кичинекей тарыхый мезгилдин ичинде катуу куралданууга жетишти.

Эл аралык эксперттердин айтуусу боюнча аны «көкүткөн» - бул дал ошол НАТО деген дагы пикирлер жок эмес!

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости