www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунда 22 жаштагы кыздын денеси талаадан табылганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 20-апрелде саат 10:00дөр чамасында Кара-Суу районунун эгин талаасынан кыздын денеси табылгандыгы боюнча Ош облустук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн.
Окуя Ош облустук милициянын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон кыз Алай районунун 22 жаштагы М.к.А., аттуу тургуну экени аныкталган. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.
Маркумдун жакын туугандарынын айтуусу боюнча, ал 14-апрелде жолдошунан ата-энесинин үйүнө келген жана ошол эле күнү дайынсыз жоголгон. Маркумдун жоголгондугу боюнча анын жакын туугандары милицияга арыз менен кайрылган эмес. Текшерүү иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg