www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан боюнча эң арзан суу Каракол шаарында. Бул туурасында шаар мэри Адыл Каниметов парламенттин ар түрдүү маселелер жыйынында айтты. 
Айтылгандарга таянсак, учурда Караколдо бир метр куб суунун баасы 3 сом 66 тыйын. Эми аны 110 пайызга көтөрүү каралып жатат. Ошондо 7 сом 69 тыйын болот. 
“Биздин оюбузча, ушундай жол менен жардам беребиз. Эгер болбосо жергиликтүү бюджеттен жардам беребиз. Биз буга чейин депутаттар менен дагы сүйлөшүп, алардын макулдугун алганбыз”, -деди Каниметов.
Мэрдин сөзүн туура түшүнсөк, таза сууга болгон төлөмдүн көтөрүлүшү, таза суу чыгаруу үчүн Европа банкынан алынган кредитти төлөөгө байланыштуу. Болбосо, Караколдо таза сууга болгон төлөм акыркы жолу 2013-жылы көтөрүлгөн. 
Белгилей кетсек, Кыргызстанда таза сууга болгон тариф бирдей эмес. Бүгүнкү күнү тартифти 30 пайыздан 110 пайызга чейин көтөрүү сунушу айтылууда. Айтылгандарга караганда, Караколдогу таза суунун өздүк наркы 10 сом 60 тыйын. 
Булак: NazarNews.kg

Последние новости