www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таза суу чыгаруу үчүн Жалал-Абадга 9,7 миллион евро, Караколго 11,22 миллион евро кредит алынат. Өкмөт бул сунушту бүгүн, 3-октябрда парламенттин ар түрдүү маселелер жыйынында депутаттардын талкуусуна койду.

Эми депутаттар бул долбоорду ратификациядан өткөрүшсө, өкмөт ишти келерки жылы баштап, үч жылдын ичинде бүткөрүүгө даяр. Бирок, бул айтылгандарга өз учуруна тескери пикир айткан депутаттар дагы болду.

Ал айтылгандарга карасак, таза сууга байланышкан долбоорлор Жогорку Кеңеште кармалбайт. Комитеттер тез-тезден колдоп берип жатышат. Бирок, долбоорлор өкмөткө баргандан кийин ишке ашыруу өтө кечеңдеп кетүүдө. Ошондуктан иш башталбай туруп, кредиттин пайыздарын төлөгөн учурлар айтылды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү Кыргызстандагы 31 калаанын 20 шаарында Жогорку Кеңештин ратификациясынан өткөн таза суу долбору иштеп жатат. Учурда, дагы төрт калаага таза суу чыгаруу үчүн кредит алуу долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна коюулган. Долбоорго кире элек, Чүй менен Баткендеги 7 шаар калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости