www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каралардын кармашы башталдыбы?

Акыркы айларда кара дүйнөнүн өкүлдөрүнүн бири-бири менен болгон салгылаштары, алардын тымызын баш көтөрүшү укук коргоо органдарын көзге илбей бара жатканынан кабар берет. Алардын айрымдары темир тор артында олтурганына карабай, "Коля киргизге" Камчы Көлбаевге "Батя" деп видео кайрылуу жасагандары, акыркы эле эки УКТнын мүчөлөрүнүн өлүмү эмнеден кабар берет?

Укук коргоо органдары караларды ооздуктай албай калдыбы? Же алардын таасиринен чыга албай жатабы? Жыйынтыгы жакшы эмес. Килейген эки кылмыштуу топтун айыгышкан күрөшү башталды. "Мыйзамдагы уурулар" - Камчы Көлбаев (Коля киргиз) менен Улан Токтосуновдун (Сакал) согушу башталды. Бул согуш жакында бүтпөйт өңдөнөт, "Сакалдын" УКТна тиешелүү эки жигиттин сабалып өлтүрүлүшү, адам

өмүрүнө кол сальш, "беспредел" кылган кьшмыштуу топ Камчы Көлбаевдин УКТсына тиешелүү, аты чыккан Чынгыз Жумагулов (Дөө-Чынгыз) аттуу жигит. Бул жигит кечээ жакында эле түрмөдөн чыгып, астына заманбап ак боз ат Лексус 570 мингизишкен, анын урматына той уюштурганы белгилүү. Чынгыз Жумагулов, Камчы Көлбаевдин эң ишенимдүү жигиттеринин бири болуп саналат.

Бул жигит учурда крим дүйнөдө бир топ башаламандыктарды баштап, "разборкаларды" жүргүзүп жаткандыга боюнча маалымат тараган. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү түздөн-түз орун басар Каниметовдун милдети болуп саналат, Каниметов каякты карап олтурат? Каттоодо турган кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө профилактикалык иш-чараларды өткөрүп турушу керек эле.

Булак: "Факты.кж"

Последние новости