www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн ЖКда "Ар кандай маселелер" каралып жатат. Анда депутат Карамат Орозова Нарын жергесинин элдеринин талаптарын айтты. Аба ырайы катаал Нарын жергесинин эли депутатка электр энергияга болгон тарифти төмөндөтүп берүүнү, жөлөк пулдарды алуудагы проблемаларды, банктан кредит алганда көп учурларда үйлөрү тиешелүү талаптарга жооп бербей, алууга мүмкүнчүлүк болбой жатканын айтышкан.
Карамат Орозова: "Ар бир облустун өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Ошолорду эске алып, иш алып баруубуз керек. Ал эми Нарын жергеси колдоого абдан муктаж", - деди депутат.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg