www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөнүн көптөгөн адамдары азыркы тапта эң сонун кичинекей жана эркин Кыргызстан деген мамлекет бар экенин, анда улуттук салттарын, үрп-адаттарын жана баалуулуктарын бүгүнкү күнгө чейин сактап келген кең пейил жана меймандос эл жашаарын жакшы билишет.
Азыр бизде өзүбүздүн желек, герб, гимн жана улуттук валютабыз бар. Жадакалса көптөгөн улуу империялар жана элдер өздөрүнүн мамлекетин сактай албай калышкан, алар жөн гана адашкан жана ошондон кийин жер бетинен жок болуп кетишкен, ошентип алар өздөрүнүн жери жана мамлекети жок калышкан.
Өз мекенин арзыбаган дүнүйөгө саткан чыккынчылар дайыма болуп келген. Андайлар башка мамлекеттерге кызмат кылган чыккынчылар гана болгон эмес, алар өз элинен чыккан чыккынчылар да болгон. Андайлар акча үчүн айрым коррупциялашкан, бузуку саясатчылардын кызыкчылыгы үчүн кыйкырып чыга беришкен. Алардын максаты дайыма бийликке келүү болгон.
Бузуку саясатчылар бийликке таза жол менен келе албагандан улам, алар тополоң менен же экономиканын алсызданып турганынан пайдаланып, же мамлекетте болгон революциянын арты менен бийликке келип алууга аракет кылышкан.
Мына ушул жерден ачык белгилеп коюу керек, Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан биринчи болуп эки алгачкы президенттердин коррупциялашканынан, уятсыздыгынан мамлекет сыртына кубаланышканынан кийин бийликти демократиялык шайлоо жолу менен өткөрө баштады.
Ошондон кийин бизде эки жолу бийликти тынчтык жолу менен өткөрүү болду: КРнын өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаева, КР президенти А. Атамбаевге жана андан КРнын президенти С. Жээнбековго.
Көз карандысыздыктын жылдарында биздин Кыргыз Республикабызда көптөгөн трагедиялуу окуялар болду: Аксыдагы митингге чыккандарды атуу, талап-тоноо, талкалоо, өрттөө менен коштолгон эки революция, ада мөлүмү менен коштолгон маевдик талкалоолор, коркунучтуу жана кандуу ош окуялары, түрдүү саясатчылардын лозунгдары менен жүздөгөн түшүнүксүз митингдер, ошондой эле Барыктабасовдун тарапташтарынын борборго карай жүрүшү, «Манас» эл аралык аэропортуна жакын кыйраган учак жана анын кесепетин көптөгөн адам өлүмдөрү, бирок, ошого карабастан биздин өлкө баары бир алдыны көздөй жыла берди, себеби өтө күчтүү эрки жана эркин духу бар Кыргызстандын жарандары баардык оорчулуктарды жана каатчылыктарды көтөрүп, жашоону уланта берди, балдарды өстүрүп, карыларды урматтап, конокторду кубаныч менен тосуп алып жана жаркын келечекке ишенүү менен. Биздин элди эч нерсе менен сындырууга болбойт, себеби биздин эл кен пейил жана акылман, себеби биздин эл гүлдөп өнүккөн жана коопсуз мамлекетке ээ болууга баардык татыктуу касиеттери бар.
Мына ошондуктан башаламандыктарды токтотуп жана баардык нерсенин үстүнө мыйзамдын үстөмдүгүн коюуга убакыт келди. Ал эми баардык провокациялык митингдерге жолду жабуу буга чейин эле жабуу керек болчу, бир гана учурда митингдер болушу мүмкүн – бул качан бийлик уурдап жана көзүн май баса баштаганда, качан адам укуктары жана эркиндиги тебелене баштаганда.
Эске сала кетүү керек, дал ушул Кытай биринчи болуп эч кандай талаш-тартышы жок Кыргызстан менен чек араларды делимитациялоону жүргүзгөн. Биздин баардык чек аралардын сызыгын тааныган. Бир дагы талаш участок болгон эмес. Болбосо чоң Кытай биздин мамлекет алсыз болуп турган 90-жылдары өздөрүнүн пайдасына айрым территорияларды оңой эле тартып алышы мүмкүн эле. Ал эми биздин башка кошуналар, анын үстүнө СССР боюнча бир тууган республикалар азыркыга чейин бизден жок дегенде эки метр жерди алып алуу үчүн талашып-тартышып келишет.
Азыркы тапта Кытай Кыргызстандын суверендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын сыйлайт. Эч качан Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпейт. Биз менен баардык сүйлөшүүлөрдү эл аралык келишимдердин негизинде жана дипломатиялык канал менен жүргүзөт. Көптөгөн кыргызстандыктар Кытайда окуп жана иштеп атышат, биздин жарандарды ал жакта себеби жок сары изине чөп салбайт, болгону эгерде кытайлык мыйзамды бузса, биздегидей эле мыйзам алдында жооп берет. Эркин соода мамилеси жүргүзүлүп келет, көптөгөн миллиондук инвестициялар, кредиттер, гранттар келип атат, эгерде доомат болсо, ал болгону кытай кредиттерин жана гранттарын алууга толук жоопкерчиликтүү биздин чиновниктерге болушу мүмкүн.
Андыктан менин провокациялык митингге катышууну каалап аткандарга бере турган кеңешим – антикытай митингине бараардан мурун, өзүңүзгө Кытай кайсыл жерде сиздин укугуңузга шек келтиргени боюнча суроо бериңиз.
Кыргызстандын эли эч качан агрессор жана оккупант болгон эмес жана эч качан андай болбойт. Бирок, Кыргызстандын эли ким кыргыз мамлекеттүүлүгүнө каршы кадам жасаса, ага катаал мамиле кылат.
Улан Жумаков, жарандык активист
Булак: NazarNews.kg