www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин убагында “Манас” орденин кимдер алды: өкмөт башчысы Сапар Исаков, президенттик аппарат жетекчиси Фарид  Ниязов, Атамбаевдин жок ата-тегин жасамалап чыгарып даңазалаган Кыяз Молдокасымов. Таң, “Манас” ордени кошоматты жакшы айткандарга берилеби? Эмне үчүн Карганбек Самаковго “Манас” орденин ыроологон жок. “Манас” орденин тим койолу, анын артынан түшүп, камап үнүн жаап койду. Деги, Карганбек Самаков ким?

Кыргыздын ала кийиз, шырдагын ЮНЕСКОго каттатып Самаков кыргызды бир тепкич өйдө көтөргөн. Ошол бойдон тынчып калган жок, кытайлык кыргыздарга таянып, Манасты Кытай ЮНЕСКОдон өткөзүп алган. Самаков  Кытайга деле тийишкен жок, бирок Манас кыргыздыкы экенин далилдеп бериш үчүн 2003-жылы “Манас” үчилтиги кыргыздыкы деп чыкты. Парижге чейин барып чучук сугунбагандарга чучук сугунтуп, Манас кыргыздыкы экенин далилдеп берди. 2003-жылы 4-декабрда Бакуда өткөн ЮНЕСКОнун жыйыны Манас чын эле кыргыздыкы деп тапты. Ошол күн бүткүл дүйнөлүк Манас күнү деп жарыяланды. Ал эми Самаковго ичи күйгөн Атамбаевдер аны камап тынышты. Самаков бир гана Манасты ЮНЕСКОдон өткөзгөн жок. Ал  боз үйдү кытайлыктардан талашып кыргыздыкы кылды, Суяб, Невакет сыяктуу байыркы шаарларды ЮНЕСКОдон өткөздү. Азыр бир топ убакыттан бери кыргыз эсепчилерин ЮНЕСКОдон өткөзө албай жүрөбүз Самаковду камабаганда бул деле ЮНЕСКОдон өтмөк.

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы, камактагы Кылычбек Арпачиев жатак абакка которулду. Арпачиевдин иши жаңы кодекстерге ылайык кайра каралгандыктан мөөнөтү кыскарган. Жазасынын үчтөн бирин өтөгөндүктөн сот аны жатак абакка которуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Кылычбек Арпачиев 2015-жылы паракорлукка шектүү катары камалган. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун ишин жабыш үчүн андан 100 миң доллар пара талап кылган деп айыпталган.

Биринчи май райондук соту Арпачиевди «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актап, «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча 14 жылга эркинен ажыраткан. Сот муну менен катар «анын мүлкү мамлекетке чегерилсин, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөсүн, иш бөлмөсүнөн табылган 30 миң доллар мамлекетке өткөрүлсүн» деп чечкен. Бул чечимди 2016-жылы Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости