www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-августта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Baytik Mountain Resort жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерин түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюлду.
Келишимге Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, «Valmont Group» ЖЧКсы жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кол койду.
Долбоор Чүй облусунун Кашка-Суу айылында заманбап туристтик кластерди түзүүнү карайт.
Анын курамына тоо лыжа трассалары, асма жолдор, жасалма кар жаадыруу системалары, мейманканалар, ресторандар, SPA-комплекстер, жайкы эс алуу зоналары, MICE-борборлор жана үй-бүлөлүк жана активдүү эс алуу объекттери кирет.
Ошондой эле инженердик, транспорттук жана санариптик инфраструктура түзүлөт.
Долбоордун жалпы баасы 127,9 млн долларды түзөт. Каржылоо CHMC стратегиялык өнөктөшүнүн EPC+F модели боюнча каражаттары, «Элдик Банктын» насыялары, жеке өнөктөштүн өздүк каражаттары жана мыйзамда уруксат берилген башка булактар аркылуу жүргүзүлөт.
Долбоордун курулуш этабында кеминде 1500 жумуш ордун, ал эми объект ишке берилгенден кийин 800дөн кем эмес туруктуу жумуш ордун түзүү пландалууда.
Туруктуу кызматкерлердин кеминде 80 пайызы Кыргызстандын жарандары болушу керек.
Долбоордун алкагында Smart Resort санариптик башкаруу системасы, энергияны үнөмдөөчү чечимдер, кайра жаралуучу энергия булактары жана заманбап экологиялык технологиялар киргизилет.
Жеке өнөктөш долбоорду каржылоо, куруу, жабдуу, пайдаланууга берүү жана техникалык тейлөө милдеттерин өзүнө алат.
Инфраструктуранын биринчи этабын 4–5 жылдын ичинде пайдаланууга берүү пландалууда.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун айтымында, долбоор аймактын өнүгүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана туризм тармагына узак мөөнөттүү инвестиция тартууга өбөлгө түзөт.