www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Касым-Жомарт Токаев казакстандыктар эмгек атаандаштыгы боюнча башка мамлекеттердин жарандарына анча туруштук бере албай жатканын Qazaqstan каналына маек куруп жатып айтты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жазды.

Өлкө башчысы Казакстандын көпчүлүк кесипкөй адистери чет өлкөдө иштеп жатканын моюндаган.

"Бул үчүн аларды айыптабаш керек. Азыр глобалдашуу заманы. Адамдар кайсы жерде керектүү болсо, ошол жакта иштөөгө укуктуу. Эч ким жолтоо боло албайт. Мамлекетке кайтып келген мекендештер дагы бар. Ачык эле айтып коюш керек, өлкөгө билимдүү жана тажрыйбалуу адамдар керек. Адам капиталынын деңгээлин көтөрүү зарыл", — деген Токаев улуттук Qazaqstan каналына.

Анын айтымында, Казакстанда эмгек менен билимди сүйүүнү пропагандалоо керек.

"Дүйнөгө эмгекчил, ак ниет улут катары таанылсак экономикага да жакшы таасир этет. Жалкоолуктан качалы. Ушундай жол менен гана Жаңы Казакстанды кура алабыз", — деди президент.

Ал ошондой эле Казакстан чоң идеологиялык ката кетиргенин белгилеген.

"Менин оюм боюнча, буга чейин биз чоң идеологиялык ката кетиргенбиз. Чет өлкөгө акча табыш үчүн кеткендерге, айрыкча Борбор Азиядан Россияга баргандарды карап күлгөнбүз. Биз бир дагы казак чет өлкөдө иштебейт деп мактанчубуз. Кандай гана эмгек болбосун бааланышы керек. Бүгүнкү күндө борбор азиялык жумушчулар Россияда иштеп жан багышууда. Ал эми биздин жарандар эмгек атаандаштыгына туруштук бере албай жатат. Тилекке каршы, бул "сырьёлук каргыш", башкача айтканда, сырьёлук экономикага болгон көз карандуулук", — деген Токаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости