www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Касым-Жомарт Токаевдин Казакстан элине кайрылуусу
Урматтуу Мекендештер!
Өлкөдө абал абдан оор. Буга чейин бир нече жолу кайрылуу жасаганыма карабай, өздөрүн “иш таштагандар” деп атаган адамдардын тобу кырдаалды атайылап курчутууда. Чыр-чатактар өлкөнүн тең жарымында болуп жатат. Айрыкча Алматыда абал оор.
Сүйүктүү шаарыбызда тартип сакчыларына массалык кол салуулар болуп жатат. Алардын арасында каза болгондор жана жарадар болгондор бар. Бейбаштар аскерлерди сабап, жылаңачтап, шылдыңдап жатышат. Аялдарды зордуктап, дүкөндөрдү тоноп жатышат.
Бул жагдай Алматынын бардык калкына коркунуч туудурат. Бул чыдагыс нерсе. Алматыдан тышкары айрым областтык борборлордо абал курчуп кеткен. Буга байланыштуу мен бир катар аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяладым. Бул зарыл чара болуп саналат.
Президент катары мен жарандарыбыздын коопсуздугун жана тынчтыгын коргоого, Казакстандын бүтүндүгүнө кам көрүүгө милдеттүүмүн. Мен кабыл алган чаралар көп улуттуу Казакстандын жыргалчылыгы үчүн. Бирок бул чаралар жетишсиз.
Бейбаштык топтордун аракеттери жогорку деңгээлде уюштурулганын көрүп жатабыз. Бул каржыланган козголоңчулардын жакшы ойлонулган планы экенин далилдейт. Бул бейбаштардын кыянаттык аракети. Бул мамлекетибиздин коопсуздугуна түздөн-түз байланыштуу. Эл мени колдойт деп ишенем. Кандай болгон күндө да борбордо болом. Эл менен бирге болуу менин конституциялык милдетим.
Биз Казакстандын тарыхындагы бул оор саатты бирге жеңебиз. Ушундан улам биз күчтөнөбүз. Мен Казакстандын саясий абалы боюнча жаңы сунуштарымды жакында жарыялайм. Мындан ары да ырааттуу реформаларды жүргүзөм.
Укук коргоо органдарына жана аскер кызматкерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирем. Алар куралдуу топтордун соккуларына туруштук беришет. Тилекке каршы, жабыркагандар бар. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтам.
Урматтуу достор!
Баарыңыздарга аманчылыкты чын жүрөктөн каалайм. Элибиз туруксуз мезгилдин алдында турат. Биздин акылман элибиз бардык кыйынчылыктарды сөзсүз жеңебиз. Мен буга ишенем Кел бирге бололу!
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев
Булак: NazarNews.kg