www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдигинин жегенге уруксат берилген курт-кумурскалардын тизмесин кеңейтүү чечимине байланыштуу Катардын Саламаттыкты сактоо министрлиги курт-кумурскалар камтылган азык-түлүктөрдүн сатылышына тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости ведомствонун социалдык тармактардагы билдирүүсүнө таянуу менен билдирди.

"Кээ бир өлкөлөрдүн тамак-аш даярдоодо курт-кумурскаларды колдонууга уруксат берүү чечими тууралуу сөз тарагандан кийин, Коомдук Саламаттыкты сактоо министрлиги курт-кумурскаларды камтыган азык-түлүктөрдү Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү адал тамак-ашка карата техникалык талаптарга жана курт-кумурскаларды, белокторду же алардан алынган кошумчаларды колдонууга тыюу салган ыйгарым укуктуу органдардын диний пикирине ылайык келбегендигине байланыштуу", - деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик аккредитацияланган эл аралык лабораториялар мусулман принциптеринин негизинде иштеген тамак-аш азыктарынын курамындагы белоктун келип чыгышын кылдат текшерип жатканын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости