www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишенүүгө мүмкүн эмес. Бирок, бул Польшада болгон чыныгы окуя. Мында ымыркайдын жарык дүйнөгө келишине, Краков шаарындагы дарыгерлердин эмгеги зор болгонун жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.

Ал маалыматтарга таянсак, бир айлык боюнда бар аял оор акыбалда ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер анын мээси жабыркаган болушу мүмкүн деген диагноз коюшкан. Кийинчерээк адистер аялдын мээсинин функциялары токтоп калганын аныкташкан. Анткен менен дарыгерлер, аялдын жатынындагы түйүлдүктүн өөрчүп өсүшү үчүн аракет кылышкан. Ал үчүн аялдын организми өлбөй турган дарыларды пайдаланышып, жыйынтыгында перзентти аман-эсен төрөтүп алышкан.

Ошентип, 1 килограмм 250 грамм салмакта төрөлгөн наристени жакындарына беш ай өткөндөн кийин тапшырып беришкен. Баланы караган дарыгер “наристенин ден соолугу жайында, өсүшү нормалдуу” - деп билдирген.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости