www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Өзбекстандагы элчиси Ерик Утембаев өзгөчө ири өлчөмдө акча уурдаган деп шек саналууда. Бул тууралуу 16-октябрда Казакстандын Мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөш агенттигинин өкүлү Жанна Бастарова "Азаттыкка" билдирди.

- Ал жооптуу кызматты ээлеп туруп, Казакстандын Өзбекстандагы элчилигинин курулушунда аткарылган иштер тууралуу атайын жалган актыга кол койгон деп шек саналууда. Анын мыйзамсыз иш-аракеттеринин зыяны 140 миллион теңгеден (25,2 млн. сом – ред.) ашкан, - деди Бастарова.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги маалыматты ырастады. Бул иш министрликтин мурдагы жооптуу катчысы Анарбек Карашевдин чоң өлчөмдө пара менен кармалышына байланыштуу экени айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости