www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Коргоо министринин орун басары, генерал-лейтенант Султан Камалетдинов БШКда өткөн брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ЖККУ келишими боюнча Донбасска аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселеси каралбаганын билдирди. Бул тууралуу Orda.kz жазды.
«Куралдуу күчтөрдү тынчтык орнотуу операцияларында колдонуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын негизинде гана ишке ашырылат. Бул токтомдун негизинде мамлекет башчы парламентке сунуш менен чыгат. Ал эми парламент жактыргандан кийин гана Куралдуу күчтөрдү колдонууга болот.
Бирок учурда бул маселе карала элек. Эч кандай сүйлөшүүлөр жок», - деп жыйынтыктады ал.
Булак: NazarNews.kg