www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын аймактарынын советтик аталыштарын казакчага өзгөртүү республика тургундарын шыктандырат, деп билдирди Улуутау районунун акими Берик Абдыгалиулы «Улытау облусунун руханий өнүгүүсү» конференциясында. Бул тууралуу Информбюро билдирди.
«Анткени совет доорунан бери аймактарга административдик аталыштарды берүү салт болгон. Мындай аталыштагы аймактар дагы деле бар», - деди Абдыгалиулы.
Ал Павлодар облусун Баянауыл, Түндүк Казакстан облусун Кызылжар облусу, Батыш Казакстан облусун Акжайык, Чыгыш Казакстан облусун Алтай облусу деп өзгөртүүнү сунуштады. Аким булар «миң жылдык тарыхы бар ыйык жерлер» экенин баса белгиледи.
Ал жаңыдан түзүлгөн Жетису жана Абай (мурдагы Алма-Ата жана Семипалатинск облустарынын курамында болгон) аймактары «Казактардын ыйык жерлеринин жана улуу инсанынын урматына» аталганын эске салды. Ал жетектеген Улытау облусун Борбордук Казакстан облусу деп атоого сунушталган, бирок президент Касым-Жомарт Токаев “адилет жана тарыхый чечим” кабыл алган.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Казакстандын өкмөтү 2025-жылга чейин 3 миң конуш менен көчөлөрдүн “идеологиялык жактан эскирген” аталыштарын өзгөртүүнү жарыялаган. Вице-премьер-министр Алтай Көлгинов “тарыхый инсандардын” тизмеси түзүлөрүн, алар жаңы ысым тандоодо ага таянарын түшүндүрдү.
«Аттарды ыйгарууда сөзсүз түрдө жергиликтүү тургундардын пикири эске алынат, сунушталган ысымдын тарыхы изилденет», - деп ишендирди ал.
Булак: NazarNews.kg