www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамбыл облусунун Меркен районундагы Карасу айылында поезд менен жеңил автоунаа кагылышып, алты киши көз жумду. Бул тууралуу облустук полиция департаменти кабарлады.

«Темир жол кесилишинде жүргүнчү поезд менен Audi автоунаасы кагылышкан. Жол кырсыгынан автоунаадагы алты киши өлдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Полиция департаментинин telegram-каналында авария болгон автоунаанын сүрөтү жарыяланды. Маалыматка караганда, айдоочу жана жеңил унаадагы жүргүнчүлөр көз жумган. Полиция «Жол жүрүү же жол кыймыл эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Алдын ала маалыматка караганда, жеңил автоунаанын айдоочусу темир жол кесилишиндеги тыюу салынган белгиден өткөн.

2019-жылы 15-сентябрда Алматы облусунда жүргүнчү поезд менен автобус кагылышкан. Анда бир киши өлүп, үчөө жаракат алган. Кырсыкка станциянын нөөмөт кызматкери күнөөлүү деп табылып, сот ага шартуу жаза берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости