www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда бюджеттик каражатты кымырууга айыпталып жаткан энергетика министринин мурдагы орун басары Анатолий Шкарупа сот отурумунда иштин алкагында экспертиза жүргүзүүдө мыйзам бузулганын, «соттук териштирүүнүн жүрүшүндө далилдер жасалмаланганын» билдирди.
Караганда шаарында өткөн сот отурумунда жазуу түрүндөгү далилдер каралды. Анда Шкарупанын адвокаты «көптөгөн токтомдор кылмыш иши ачылгандан кийин мурдагы дата менен жасалган болушу мүмкүндүгүн» билдирди. Мамлекеттик айыптоо буга жооп катары дооматтар алдын ала айтылып жатканын жана алар туура эмес экенин билдирди.
Шкарупа мындан тышкары тергөө органдарын «коргоого болгон конституциялык укугун бузууга», прокурорлорду «мыйзам бузуу тууралуу арызды карабай коюуга» айыптады. Прокурорлор Шкарупанын бардык укуктары сакталып жатканын белгилеп, мындай билдирүүлөрү менен ал «атайылап сот жараянын создуктуруп жатканын» билдиришти.
Шкарупа буга чейинки отурумдарда тергөө маалында кыйноого кабылганына даттанган. Сот анын арызынын көчүрмөсүн Башкы прокуратуранын ички иликтөө департаментине жөнөткөн.
Мурдагы министрдин орун басарынын иши боюнча сот жараяны өткөн жылдын декабрынан бери уланууда. Ал 2018-жылы ноябрда кармалып, 2020-жылы үй камагына чыгарылган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча Шкарупа кылмышка Саран шаарынын акими болуп турганда барган. Ал борбордук буу казандын курулушу аяктабай турганын билип туруп, көп кабаттуу үйлөргө жылуулук энергиясын өлчөө жабдууларын орнотуу боюнча ENERCO компаниясынын башчысы Ерлан Набиев менен бирге кылмыштуу план иштеп чыккан.
Аны жүзөгө ашыруу үчүн алар бул ишке «Турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү фондунун» ошол кездеги төрагасы Кайсар Байдалыны тартышкан. Ал иштебей турган «Сарантеплосервис» ишканасына жабдууларды жеткирүү үчүн деп фонддун атынан ENERCO компаниясынын эсебине 215 миллион 89 миң 979 теңге (566 миң доллардан ашык) которгон. Бирок бул сумманын 104 миллион 427 миң теңгеси уурдалып, фондго ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Айыпталуучулар бул дооматтарды четке кагып келишет.
Булак: NazarNews.kg